• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Бишкек-Балыкчы поездиндеги люкс-вагондун жол кире акысы айтылды

20 Теке 2022 12:28 Бишкек Govori.TV

22-июлдан тарта модернизацияланган люкс вагон Бишкек–Балыкчы жүргүнчүлөр поездине кошулат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, республикалык ички каттамдагы Бишкек – 2 — Балыкчы жүргүнчүлөр поездине 51 орундуу люкс вагон кошулат, ал Бишкек 2ден жөнөтүлөт.

«Вагондо жүрүүчү бөлүктөрдүн жана автотоктоткучтардын жаңы элементтери орнотулган, панорамалык терезелер, кең форматтагы телевизорлор, аудио стерео система, телефон жана ноутбукту кубаттоо үчүн түйүндөр, муздатылган суусу менен кулер, муздаткыч, ошондой эле кондиционер бар»,-деп айтылат маалыматта.

Бул поезддин каттамы боюнча жүргүнчүнүн отурган жана түшкөн бекетине карабастан жол жүрүү акысы төмөнкүчө:

— 5 жаштан 10 жашка чейинки балдардын жолдо жүрүү акысы – 250 сом;

— 10 жаш жана андан жогору курактагы жүргүнчүлөрдүн жолдо жүрүү акысы – 500 сом.

Жүргүнчүнүн өзү менен 5 жаштан жогору эмес курактагы бир бала, эгер ал отуруу үчүн өзүнчө орун ээлебесе, акысыз жүрөт. Мындан тышкары, 36 килограммга чейин кол жүгү – акысыз.

Кошумчалай кетсек, люкс вагон кошулган Бишкек–Балыкчы поезд каттамы 22-июлдан тарта күн ара 31-августка чейин жүрөт.

Количество просмотров: 3807