• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы селге байланыштуу жабылды (видео)

30 Теке 202213:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы селге байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Кыргыз Темир жолу » ишканасынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Боом капчыгайында жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, темир жолду жаап калган. «Кыргыз Темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын тийешелүү кызматтары тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Каттамдын качан ачылары тууралуу маалыматты кошумча берилет.

Количество просмотров: 2210