• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек – Инчхон багыты боюнча чартердик каттамы ачылат

26 Чын куран 2022 11:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Инчхон (Түштүк Корея) багытындагы чартердик каттамы ачылып, 2023-жылга чейин өлкөлөр ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын уюштуруу пландалууда. Бул маселе Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова менен Түштүк Кореянын T’Way авиакомпаниясынын президенти Йонг Хонг Ген башында турган делегациясынын жолугушуусунда айтылды.

Маалым болгондой, компания 2020-жылдын февраль айында Инчхон-Бишкек багыты боюнча түз авиакаттамдарды ишке ашырууга уруксат алган, бирок пандемиядан улам көптөгөн мамлекеттердин чек аралар жабылгандыгына байланыштуу, пландуу каттамдар кийинкиге жылдырылган.

«2022-жылдын сентябрында компания алыска учуу үчүн жаңы учактарды алууну көздөп жатат. Алар авиациялык коопсуздук боюнча тестирлөөдөн өткөндөн кийин Кыргызстанга туруктуу каттамдар ачылышы мүмкүн. Бул 2023-жылы болот деп пландалууда. Ага чейин чартердик каттамдарды уюштурууга кызыкдарлыгын билдирип, аны 28-апрелде ишке ашыруу пландалды»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 34