Бишкек-Каракол аба каттамы боюнча билет баасы бир тарапка 3100 сомду түзөт.
Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөр үчүн 1-каттам 22-декабрь күнү Бишкек — Каракол багыты боюнча аткарылат, билет баасы 3100 сом.
Авиабилеттер asmanairlines.kg тиркемесинде сатылат.
Эске салсак, бүгүн Каракол шаарындагы эл аралык аэропорт президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу түрдө ачылды.