сүрөт Самат Жумакадыровдун өздүк баракчасынан алынды
Бишкек мэриясы: “Чагымчылдар болушу мүмкүн…”
2 Чын куран 20189:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.04. 2018. Govori.TV
Бишкек шаарында эл ташыган кичи автобустардын иш таштап, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаралганы боюнча күч органдары иликтөөнү баштады. Бул боюнча Бишкек мэриясынын транспорт башкармалыгынан билдиришти.
«Бизге айдоочулар арасында нааразычылыгын билдиргендер болгон. Бирок, биз алардын жетекчилиги менен сүйлөшкөндө иш таштоо тууралуу сөз болгон эмес. Андыктан, бул жерде атайын чагымчыл иштер барбы жокпу деген суроо пайда болууда. Ал арада “кээ бир көчөлөрдө маршртукаларды элдер талкалап жатат”, -деген да ушак чыгып кетиптир. Бирок, андай факты катталганын уга элекпиз. Учурда абалды ИИМ менен УКМК иликтеп жатат”,-деди башкармалыктын төрагасынын милдетин аткаруучу Нурлан Атыканов.
Эске сала кетсек, борбордун жөө жүргүнчүлөрүн 37 жеке компания маршрттук унаалар менен тейлейт. Алар Өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруу боюнча Токтомуна каршы экенин билдирип, иш ташташкан.
Бишкекте спорттук турнир өтүп, жеңүүчүлөр сыйланды
Бишкекте эгемендүүлүк күнүн утурлай спорттук турнир өтүп, жеңүүчүлөр сыйланды. Спорттук-маданий иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн …
Муниципалитеттен билдиришкендей, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, жылуулук тармагындагы маселе жаратчу жерлерди оңдоп-түзөө максатында, 08:30дан 16:00гө …