Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгуу алдында турат. Муну менен катар дал ушул жарышта алдыга чыккан эки чоң партиянын бири-бирине болгон терс пикирлери, ачык эле жамандоосу, тирешүүсү күч алды. Шайлоону жокко чыгаруу талабы буга чейин утулган партиялар тарабынан гана айтылып келсе, бул ирээт мындай талап шайлоодо жеңишке жеткен партиялар тарабынан да көтөрүлдү.
Шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу сунушун Жогорку кеңештин депутаты да келтирип, аны шайлоо таза өтпөгөнү менен түшүндүргөн.
Ал эми «Ак-Бата» партиясынын лидери Нариман Түлеев да өз кайрылуусун жасап, негизги атаандашы болгон «Эмгек» партиясына болгон нааразы кептерин айтып, Борбордук шайлоо комиссиясы “Эмгекке” чара көрбөсө, “Ак-Бата” депутаттык мандаттан баш тарта турганын билдирген.
Өз кезегинде жооп берген “Эмгек” партиясы айтылган сын-кептерди негизсиз деп эсептейт.
БШКнын мурдагы мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова партиялар ортосундагы терс пикирлердин айтылуусу буга чейин да болуп келген саясий көрүнүш деп эсептейт. Бирок, шайлоодо алдыга чыккан партиялардын нааразы пикирлеринин айтылуусу көңүл буруучу маселе экенин кошумчалайт.
Жана ошондой эле Абрахматова учурдагы жаралган жагдайда БШКнын толук кандуу үн катпай жатышы туура эмес деген ойдо. Анын айтымында Боршайком мээлүн мамилеси менен коомчулукка каршы чыгууда.
Ал эми саясий серепчи Айданбек Акматов кайра шайлоо өткөрүү талабына кошулат, бирок анын айтымында азыркы жаңы мыйзам менен кайра шайлоо өткөрүү процесси бир аз көбүрөөк убакытты талап кылат.
Учурда Борбордук шайлоо комиссиясы да, Бишкек аймактык комиссиясы да бордордогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу расмий билдирүүдөн карманууда. Ал эми бүгүн БШКнын жумушчу тобу дал ушу маселени жыйында карап, чечим чыгарышмакчы.
Белгилей кетсек, БШК 11-апрелде өткөн Токмок шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыккан. Буга Токмок шаарындагы айрым батирлерге жапырт каттоого турган жарандардын шайлоого катышканы себеп болгон. Токмоктогу шайлоодо 31 мандаттын 16сын алганы айтылган “Эмгек” партиясы БШКнын чечимин сотко берген болчу.