Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматтан кетти. Тиешелүү Жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Маалыматка ылайык, мэр башка кызматка өтүп жаткандыгына байланыштуу иштен кеткен. Жунушалиев бул кызматка 2021-жылдын август айында келген болчу.
Ал эми президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды.
Абдыкадыров Ат-Башы районуна курула турган логистикалык борбор инвестору болгон.