• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкек мэри милиция кызматкерлерин куттуктады

1 Жетинин айы 2021 17:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

“Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Милиция кызматкерлеринин күнү менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм! Бүгүнкү майрам кайраттуу, эр жүрөк, элдин сыймыгына татыктуу эр азаматтарыбыздын майрамы. Милиция кызматкерлеринин иши оор. Сиздер күн түн дебей, элибизге кызмат өтөп келесиздер. Сиздердин ишиңиздердин аркасында гана Кыргызстан туруктуу, өнүккөн жана укуктук мамлекетке айланат деп ойлойм. Эң татаал учурларда кыйынчылыктардын, тоскоолдуктардын алдында баш ийбей өз милдетиңерди татыктуу аткарып, кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзүп, муктаж болгон ар бир адамдан жардамыңарды аябайсыздар деп ишенем. Сиздерге чын ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Ар дайым эл жерибизди коргоп, ак кызмат кылышыңыздарга тилектешмин!” — деди калаа башчысы.

Иш-чаранын жүрүшүндө ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкү кызматкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Бишкек шаарынын мэриясынын Ыраазычылык каты менен төмөндөгүлөр сыйланды:

Исмаилов Самат Эсенбекович — милициянын лейтенанты, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектор-инженери;

Бугубаев Амантур Есенбекович — милициянын лейтенанты, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук инспектор-инженери;

Жумабеков Мукайбек Жоомартбекович — милициянын лейтенанты, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектор-инженери;

Мамытканов Адилет Замирбекович — милициянын лейтенанты, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектор-инженери;

Орозбаев Санжар Шейшенбекович — милициянын лейтенанты, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн инспектору;

Турумтаев Марат Качкынбекович — милициянын майору, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн инспектору.

Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы төмөнкүлөргө тапшырылды:

Байгучуков Мээрзат Баякеевич — милициянын подполковниги, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык кызматынын начальниги;

Байсопуев Русланбек Бектурович-милициянын майору, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча опер кызматкери;

Ботбаева Элнура Оразахуновна-миляциянын капитаны, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн инспектору;

Кенжебаев Ильяс Абдужелелович — милициянын майору, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук инспектор-инженери;

Муратов Эркинбек Керималиевич — милициянын подполковниги, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги;

Сармамбетов Шайымбек Мурсагулович — милициянын капитаны, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектор-инженери;

Сейдакматов Омурнасип Жоодатбекович — милициянын капитаны, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектор-инженери.

Количество просмотров: 73