• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкек мэри Минск шаарында иш сапары менен жүрөт

17 Жетинин айы 2021 13:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев иш сапары менен Минск шаарында жүрөт. Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында Айбек Жунушалиев Минск шаардык аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Кухарев менен жолугушуп, Минск автозаводуна барды.

Шаардык муниципалитеттин башчысы А.Жунушалиев учурда Бишкек газ кыймылдаткычы жана электр энергиясы менен иштеген шаардык коомдук транспортторду сатып алуу зарылчылыгын, шаардын экологиясын сактоо биринчи кезектеги милдет экендигин белгиледи.

Жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттон тышкары Минск автомобиль заводу чыгарган муниципалдык техника да көрсөтүлдү.

Ошондой эле жумушчу жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун башка маселелери, анын ичинде кызматташтыкты активдештирүү жана түрдүү деңгээлдеги диалогду өнүктүрүү талкууланды.

Мэрдин Минск шаарындагы дагы бир нече машина куруу ишканаларына баруусу пландаштырылууда.

Количество просмотров: 80