• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек мэриясы автоунааларды кезектештирип чыгаруу мыйзамын талкууга койду

23 Теке 202412:27 Бишкек Govori.TV

Анда долбоордун максаты ири шаарларда жол тыгындарын азайтуу, жөө жүргөндөргө ыңгайлуу шарт түзүү, экологиялык абалды жакшыртууга багытталганы айтылат. Мыйзам долбоордун негиздеме катында республикалык маанидеги шаарлардын жолдорунда машинелердин номердик белгилери боюнча чектөө киргизүү сунушталды.

Ага ылайык, дүйшөмбүдө 1-2 сан менен аяктаган, шейшембиде 3-4 сан менен аяктаган, шаршембиде 5-6 сан менен аяктаган, бейшембиде 7-8 сан менен аяктаган, жума күнү 0-9 сан менен аяктаган номерлүү автоунааларга саат таңкы 7ден кечки 9га чейин шаардын жолуна чыгууга тыюу салынат. Мыйзамды сактабагандарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул каралган.

Мындай чектөөлөр ишемби, жекшемби жана майрамдык эс алуу күндөрү колдонулбайт. Чектөө атайын жана коомдук автоунааларга тиешеси жок. Мэрия мындай кескин чара жолдогу тыгындарды 20% жеңилдетүүгө алып келет деп эсептейт.

Количество просмотров: 120