• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкек мэриясы ичүүчү сууну үнөмдөөгө чакырды

23 Бугу 2023 11:27 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жыл сайын муздак сууну колдонуунун көлөмү жана керектөөчүлөрдүн саны өсүүдө. Буга байланыштуу борбор калаанын мэриясы шаардыктарды ичүүчү сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырат.

Муниципалитеттен белгилешкендей, учурда шаар боюнча абоненттердин саны 270 миң 342ни түзөт. Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөр 263 миң 286 абонентти түзгөн. Жылдык өсүш 7%ды түздү.

«Абоненттердин санын өсүшү менен ичүүчү сууну пайдалануусу да өсүүдө. Жыл сайын ЖЭБди өчүрүү учурунда ичүүчү суунун көрсөткүчү кыйла жогорулайт. Анын негизинде ичүүчү сууну үнөмдөп, рационалдуу пайдалануу өтө маанилүү. Суу чектелген ресурс жана аны үнөмдүү пайдалануу чоң мааниге ээ экенин эстен чыгарбоо керек», — деп белгелешти мэриядан.

Бишкек мэриясы шаардыктарды суу ресурстарына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана аны сарамжалдуу пайдаланууга чакырат:

  • Идиш жууп жатканда же тишиңизди жууп жатканда кранды өчүрүңүз. Крандагы тынымсыз аккан суу текке кетиши мүмкүн. Бул жөнөкөй процедуралар учурунда кранды өчүрүү сууну бир топ үнөмдөөгө жардам берет.
  • Кир жуугуч жана идиш жуугуч машинаңыздын толук кубаттуулугун колдонуңуз. Бул аппараттарды кир кийимдердин же идиштердин толук комплекти менен иштетүү сууну үнөмдүү пайдаланууга мүмкүндүк берет.
  • Эгерде сиздин үйүңүздө же турак жайыңыздын айланасында суу жөндөн — жөн агып жатса, аны оңдоо керек.
  • Жашыл жерлерди сугаруу түнкүсүн гана жүргүзүлүшү керек.
Количество просмотров: 47