Бишкек шаардык мэриясынын аппаратында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Аппарат жетекчинин милдетин аткаруучу Адилет Малдыбаев мэриянын финансы жана экономика бөлүмүн жетектеп калды.
Анарбеков Абдес Сыпарбекович мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин кеңешчиси болуп дайындалды. Ал ошондой эле мэриянын аппаратын убктылуу жетектейт.
Тиешелүү буйруктарга Б.Түлөбаев кол койгон.