• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек – Москва поезд каттамы калыбына келтирилет

10 Аяк оона 202415:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Москва жүргүнчү темир жол каттамы калыбына келтирилет. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылга карата кыймыл графигин иштеп чыгуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жыйыны болгон.

Анын жыйынтыгында Россия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашылган чечим кабыл алынып, 2024-жылдын 18-декабрынан тартып Бишкек – Москва жүргүнчү поездинин каттамы жумасына эки жолу болору белгиленген.

Эскерте кетсек, бул поезддин багыты 2022-жылы Москва транспорттук түйүнүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу Самара бекетине чейин кыскартылган.

Ошону менен бирге, 2025-жылы Бишкек – Казань багыты боюнча поезд жумасына бир жолу, ал эми Бишкек – Новосибирск багыты боюнча поезд 8 күндө бир жолу каттамын улантат.

Ал эми билеттердин сатылышы жана баалары тууралуу кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 97