• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек Москвадан бажы төлөмсүз мунай заттарынын көлөмүн көбөйтүүнү суранууда

10 Чын куран 202611:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек келерки жылга карата Россиядан мунай заттардын бажы төлөмүсүз жеткирүү көлөмүн көбөйтүүнү суранууда. Бишкектин расмий өкүлдөрү бул маселе оң чечилет деп үмүттөнүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Россия тарап менен мунай заттардын жеткирүү боюнча индикативдик баланстарды жыл сайын түзүп жана кайра карап турат.

«Негизинен, стратегиялык жана союздаштык мүнөздөгү өнөктөштүгүбүздү эске алганда, Россия бул маселеде бизге дайыма жардам берип, колдоо көрсөтүп келет», — деди ал.

Келерки жылга Кыргызстан 1,3 миллион тонна мунай зат сурап жатат. Бул учурдагы эки тараптуу келишимдерде каралган 1,2 миллион тоннадан 100 миң тоннага көп. Ал келишимдерге ылайык Россия Кыргызстанга жыл сайын мунай заттарды бажы төлөмүсүз жеткирет.

Бийлик ички рынокто күйүүчү май тартыштыгын алдын алуу жана баалардын өсүшүн кармап туруу үчүн чараларды көрүп жатканын биринчи вице-премьер кошумчалады.

Количество просмотров: 129