Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда эки унаа сүзүшүп, кырсык болгон жерден Форд-Фокус унаасынын айдоочусу 1977-жылы туулган И.У.М. көз жумган. Бул туурасында ӨКМ сайтына жайгаштырды.
«Окуя 31-май күнү саат 14:19да Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 42-чакырымында болгон. Анда мамлекеттик № В 03-06АХ Форд-Фокс үлгүсүндөгү унаа менен мамлекеттик № S 35-65 AI Мерседенс-Бенц D-811 (Гигант) үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесеретинен Форд-Фокус унаасынын айдоочусу 1977-жылы туулган И.У.М. кырсык болгон жерде көз жумган, жүргүнчүсү 1985-жылы туулган А. Ш.С оор жаракат алган» -деп жазылат.
Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар Ford Focus автокөлүгүнүн каза болгон айдоочусунун сөөгүн жана жаракат алган жүргүнчүсүн Кант шаарындагы ооруканага жеткирген.