• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда куураган чөп жана бак-дарактар күйдү

22 Бештин айы 2021 9:01 Бишкек Govori.TV

 Токмокко жакын жерде куураган чөп жана бак-дарактар күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-декабрда Чүй районунун аймагында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 61-чакырымында аянты болжол менен 6 гектар бак-дарак жана куураган чөп күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылып, өрт саат 19:46да чектөөгө алынып, 20:55те толук өчүрүлдү.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 187