• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюна көчөттөр отургузулду

16 Бирдин айы 202514:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюнда айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү ишембилиги өттү.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде куткаруучулар, токойчулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү «Жашыл мурас» улуттук өнөктөштүгүнүн алкагында ийне жалбырактуу дарактары отургузушту. Ишембиликте 2 миң түп тянь-шань карагайын отургузуу пландалган.

Ишембилик Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токой кызматы, президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү, Кемин райондук мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан уюштурулууда.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 29-январында аталган иш-чаранын алкагында 500 түп ийне жалбырактуу тянь-шань карагайы отургузулуп, экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.

Өнөктөштүктүн негизги максаты — аймактагы экологиялык абалды жакшыртуу, ошондой эле жол аймактарындагы жашылдандыруу иштерин күчөтүү.

Бул жылы Кемин районунан Балыкчы шаарына чейинки унаа жолунун 50 чакырымдык бөлүгүндө бак отургузуу каралган

Количество просмотров: 190