• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсыктан адам каза болду

27 Баш оона 202414:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда эки жеңил машина кагышып, бир айдоочу кырсык болгон жерде мүрт кетти. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ түнү саат 03:45 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кемин районундагы 104-чакырымында Mazda менен Toyota Corolla унаалары кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен Мазда унаасынын айдоочусу ошол жерден каза болгон. Унаадагы бир жүргүнчү ооруканага жаткырылды. Экинчи унаадагы эки жүргүнчү да ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган.

Унаалар убактылуу кармоочу жайга токтотулуп, учурда иштин бардык жагдайлары такталууда.

Количество просмотров: 322