Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы сейил бакта 18 жаштагы кыз атрракциондон кулап каза тапты.
Шаардык милициянын маалыматына караганда, кырсык 21-сентябрда, саат 13:30 чамасында болгон. Парктагы «Кайыкча» деп аталган аттракциондо ойноп жаткан үч кыздын бири жерге кулап кеткен. «Тез жардам» кызматы кыз алган жаратынан көз жумганын билдирген.
Шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча иликтөө иштери башталганын кабарлады.