• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бишкек-Ош автожолунда кырсыктан беш адам жабыркады

18 Бугу 201914:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.05.2019.Govori.TV.

Бишкек-Ош автожолунда кырсыктан беш адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя бүгүн 18-майда Төө-Ашуудагы тоннелдин ичинде болгон.

«Тойота» жана «Мерседес-Бенс» жеңил машиналары сүзүшүп, «Тойотадагы» беш адам ар кандай жараат алган. Аларга куткаруучулар биринчи жардам көрсөтүп, «Тез жардамга» өткөрүп беришти.

«Мерседес-Бенцтеги» үч адам жабыркаган эмес.

Количество просмотров: 19