• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бишкек-Ош багыты боюнча учкан учак авариялык конууга мажбур болду

4 Бугу 2024 20:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош багыты боюнча учкан учак авариялык конууга мажбур болду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн 18:17де «Манас» эл аралык аэропортунда Бишкек-Ош багыты боюнча учкан Avia Traffic авиакомпаниясынын учагы авариялык конууга мажбур болду. Учак «Манас» аэропортунан график боюнча учуп, бирок 10 мүнөттөн кийин авариялык конууга мажбур болгон.

«Учактын кыймылдаткычтарынын бирине канаттуу куш тийген. Жүргүнчүлөр аэропорттун стерилдүү аймагына жайгаштырылган. Жабыркагандар жок»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда учакты техникалык адистер текшерип жатышат.

Теги:
Количество просмотров: 645