• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкек-Ош трассасынын кооптуу делген тилкесине тоннель куруу пландалууда

5 Бештин айы 2023 9:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош трассасынын кооптуу делген тилкесине тоннель куруу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Ырысбек Бариев “Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу” долбоорунун “Бишкек-Ош автожолунда табигый кырсыктардын алдын алуу” компонентинин “Туннелди куруу” кичи компоненти боюнча жүрүп жаткан тендердик процесстин алкагында кызыкдар япониялык компаниялардын, Central Consultant Inc консультациялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө Ырысбек Бариев министрлик үчүн башкы милдет жол тармагын өнүктүрүү, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналарын билдирди.

Белгилүү болгондой, күз-кыш мезгилинде өлкө жолдорунда орун алган таш кулоо жана кар көчкү түшүү коркунучу жүк жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууда көйгөй жаратып келет.

Буга чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, Бишкек-Ош унаа жолунун 400-чакырымындагы жол тилкеси кооптуу деп табылып, адистер тарабынан тоннель куруу сунушу айтылган.

“Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу” долбоорунун алкагында Япониянын JICA агенттигинен алынган насыялык каражаттын бир бөлүгүн Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннелдин курулушуна жумшоо пландалып, учурда тендердик процесстин алкагында жолугушуулар жүрүүдө.

Министрдин орун басары Ырысбек Бариев Япония Өкмөтүнө жана Эл аралык кызматташтык агенттигине өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу боюнча маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, тендердик процесстин ийгиликтүү аякташына жана Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннелдин курулушунун тез арада башталышына үмүт артарын билдирди.

Количество просмотров: 140