Стратегиялык маанидеги Бишкек–Ош унаа жолунун Суусамыр тилкесинен Ала-Бел ашуусуна чейин жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдɵ. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Курулуш иштери башталгандан бери 12 чакырым жолдун эки тарабына асфальт басылды.
Бишкек-Ош авто жолунун Суусамыр тилкесин капиталдык оңдоо иштери 2025-жылга пландалып, ушул жылы курулуш иштери башталды. Жалпы 104 чакырым жол асфальттоо каралган.