• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүлөр мажбурлап түшүрүлдү

18 Жалган куран 2024 8:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Ош унаа жолунун кар көчкү түшүү кооптуулугу бар тилкелеринде артиллериялык эсепти колдонуу менен кар көчкүлөр мажбурлап түшүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, төмөнкү тилкелерди жумуштар жүргүзүлдү. Алар:

  • 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) кар көчкү түшкөн эмес;
  • 227-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) көлөмү 46910 м3 кар көчкү;
  • 222-чакырымында (Ала-Бел тилкеси) 8820м3 жалпы көлөмү 161 130м3 кар көчкү түшүрүлгөн.

Түшкөн кар көчкүлөр унаа жолго жеткен эмес.

Бүгүн ӨКМдин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери Бишкек — Ош унаа жолунун Чүй облусунун аймагында кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү ишин жүргүзүшөт. Буга байланыштуу жолдо маал-маалы менен чектөө киргизилип турат.

ӨКМден жарандарды абалды туура түшүнүү менен кабыл алып, сак болууга чакырат.

Унаа жолдогу абалды билүү үчүн жана кырсык катталганда «112» номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта.

Количество просмотров: 53