Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана автоунаа жолдорунда 12-апрелден 14-апрелге чейин кооптуу кырдаал сакталат. Жаан жаашына жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу кар көчкү түшүү, кар күрткүсү, жана муз тоңуу сыяктуу кооптуу көрүнүштөр болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ошондой эле Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121–138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198–250-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад жолунун 326–349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү коркунучу сакталып турат.
Кооптуу тилкелерден өтүүдө айдоочуларга унаалардын ортосундагы аралыкты кеминде 500 метр сактоо сунушталат.