• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек— Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

24 Үчтүн айы 202019:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек— Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан “Арал” стационардык постунда оор жүк ташуучу унааларга жол көзөмөлдөөчүлөр тарабынан убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чектөө 24-январда саат 17:00дөн тарта киргизилген. Буга аба ырайынын сууктугу жана жолдун тайгактыгы себеп болгон.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Ала-Бел ашуусунда дагы кардын калыңдыгынан улам тыгыны жаралган.

Количество просмотров: 132