• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттары мэрлерди шайлашат

26 Баш оона 2021 9:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-августта Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттары мэрлерди шайлашат. Буга чейин аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлерди каттаган.

Бишкек шаарынын мэри болууга талапкер — Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Жунушалиев Айбек Жанышбекович.

Ош шаарынын мэри болууга талапкер — Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мамбетов Алмаз Ишенбекович.

Токмок шаарынын мэри болууга 2 талапкер катталган. Алар, Жогорку Кеңештин депутаты Самаев Урмат жана Кубатбек уулу Азат.

Количество просмотров: 118