• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкек-Ош жолу кар көчкүдөн улам убактылуу жабылды

14 Жалган куран 2018 9:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14. 03. 2018. Govori.TV 
 Бүгүн, 13-мартта түнкү саат 22.40 чамасында Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында көлөмү 2,5 миллион куб кар көчкү түшүп, жол эки тарапка тең жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
 Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери жеринде изилдөө иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери Ош тараптан Бишкекти көздөй келе жаткан автоунааларды артка кайтарууда.
Ал эми Жалал-Абад облустук милициясы Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул райондорунда жана Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларында блокпостторду орнотту. Азыр Кара-Көл шаарында 25 оор жүк ташуучу, 110 жеңил автоунаа, Токтогул районундагы Арал постунда 50 оор жүк ташуучу, 60 жеңил, Базар-Коргон районунда 5 оор жүк ташуучу, Сузак районунда 20 оор жүк ташуучу, жети жеңил машине токтоп турат.
Жол качан тазаланып бүтүп, ачылары кабарлана элек.

Фото Улукбека Бакен Уулу.

 

 

 

Количество просмотров: 14