• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек-Ош жолу жабылды

16 Тогуздун айы 202410:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуулары жабылды.

Бишкек-Ош унаа жолунун тоолуу аймактарында кардын калың жаагандыгына байланыштуу учурда Чычкан жана Сосновка постторунда унаалардын кыймылына чектөө киргизилгенин. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы тапта жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө.

Айдоочулардан зарыл болбосо алыскы аймактарга чыкпоону жана жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну суранып жатышат.

Количество просмотров: 275