Бишкек. 15.01.18. Govori. ТV
Кечээ кечинде Бишкек Ош жолунун 400 чакырымында таш кулап, анын кесепетинен «Мазда» үлгүсүндөгү автоунаанын 4 жүргүнчүсү жабыр тартты.
Маалым болгондой окуя 14 январда кечки саат 7 лер чамасында болгон.
Кырсык болгон жерге келишкен жол транспорт эксплуатациялоо бөлүмүнүн кызматкерлери жолду тазалап ачып беришкен.
Жабыр тарткан жүргүнчүлөр жергиликтүү ооруканалардын бирине жеткирилген