• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Бишкек – Ош жолунда көмүскө сойкукана уюштурган жай аныкталды

3 Баш оона 2023 11:25 Бишкек Govori.TV

Сузакта кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат колдонууга ыңгайлаштырылган көмүскө жай табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында Сузак РИИБге Сузак районунун аймагында Ош-Бишкек унаа жолунда жайгашкан мейманканалардын биринде кыздар кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат жана психотроптук каражаттарды колдонуу үчүн жай уюштурулгандыгы тууралуу кабарланган.

Бул маалымат Сузак РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде “сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

«Козголгон кылмыш ишинин алкагында объективдүү жана ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү максатында Сузак РИИБнин Тергөө кызматы топтолгон материалдарды ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына тапшырган.  Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер тарабынан 1993-жылы туулган жаран  кармалып, ал материалдык пайда алуу максатында сойкулук менен алектенген, баңгизат жана дары-дармек каражаттарын колдонгон жайларды уюштургандыгы аныкталган»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 735