Ош базарынын аймагында №25 автобустун айдоочусуна кол салган аялдардын ким экендиги аныкталды, деп билдирди 5-августта Ленин райондук ИИБдин басма сөз кызматы. Окуя 2-августта күндүз болгон.
Жабырлануучунун айтымында, ага бир жүргүнчү келип, автобусту тыюу салынган жерге токтотуп, алдыңкы эшиктен чыгууну суранган. Эскертүүгө аял агрессивдүү реакция жасап, укпай айдоочуну урган.
«Аялдамага жеттик, мен арткы эшиктен чыгуу керектигин түшүндүрдүм. Ал кайрадан мага кол салды, андан кийин экинчиси келип, мени дагы ура баштады. Экөө тең мени сөгүп, урушту», — деди айдоочу.
Жардамга бир гана жигит келди. Ал аялдарды ажыратып, алып кетти.
Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Жабырлануучу соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартты.
Материалдар Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди, анын кызматкерлери бейбаштык кылгандардын ким экендигин аныкташты.
Ошентип, 1965-жылы туулган К.С.га карата КР КУК 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протокол түзүлдү. Административдик иш сотко жөнөтүлдү. Дагы бир аял К.Т., 1991-жылы туулган, Бишкекте жок. Борборго кайтып келгенде ал жоопко тартылат.