УКМК жана Ош облустук ички иштер башкармалыгы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча иш-чара өткөрдү.
Облус аймагында коомдук коопсуздукту, укук тартибин камсыз кылууга багытталган уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иштердин алкагында, 2025-жылдын 15-июлунан 17-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте “Бандит” аталыштагы атайын ыкчам-профилактикалык иш-чарасын өткөрдү.
2025-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник К.К. Ташиев өткөн жыйында жарыяланган тапшырманын алкагында демилге ишке ашырылган.
«Бандит» иш-чарасынын жүрүшүндө Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун 82 мүчөсү Ички иштер министрлигинин адистештирилген реестринде («АБД-ТОР» системасында) каттоодо экени аныкталган.
21 адамга карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, биометрикалык маалыматтар чогултулган (бармак изи алынып) жана түшүндүрмө иштери жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, төмөнкүлөр белгиленген:
* — Кыргызстанда 17 адам жазасын өтөп жатат;
* — 11 адам коңшу өлкөлөрдө;
* — 3 адам каза болгон;
* — 1 адам изделип жатат.
Калган 29 жаранга катталган дареги боюнча жашабаган жана мурда белгилүү болгон даректеринде турбагандар боюнча издөө жана алдын алуу иш-чаралары улантылууда.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кылмыштуу топтордун ар кандай формаларына жана алардын көрүнүштөрүнө мамлекеттик бийлик органдарынын укуругу узун экендигин эскертет.