• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Бишкек-Ош» жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

19 Тогуздун айы 2022 9:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек — Ош унаа жолунун «Арал» жана «Сосновка» постуна оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында саат 18:40тан тартып «Арал» постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө эртең мененки саат 07:00гө чейин киргизилди.

«Ошондой эле аталган унаа жолдун Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан «Сосновка» постунда саат 17:30дан тарта прицеби бар оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Ал эми жеңил унаалар өтүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 137