19-июнда Таш-Көмүр шаарына кирген эски көпүрөнүн жанында унаа кырсык катталып, адам өмүрү кыйылды.
Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, кырсык Бишкек—Ош унаа жолунун 455-чакырымында болгон.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Ал эми Таш-Көмүр аймактык бейтаканасы кырсыктан улам аларга 7 киши жеткирилгенин, анын экөө кырсык болгон жерде мүрт кеткенин, экөө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын дагы 3 бейтап хирургия бөлүмүнө жаткырылганын билдирди.