• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

21 Жалган куран 202116:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек – Ош жолу жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустук өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-мартта саат 09:30дан баштап, аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө жана Ала-Бел ашуусундагы, Чычкан капчыгайындагы калың карга байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан «Арал» стационардык постунан оор жана кооптуу жүк ташуучу автоунаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.

Инспекторлор айдоочуларга өзгөчө зарылдык болбосо, жолго чыкпоону сунуштайт.

Количество просмотров: 178