• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Бишкек-Ош жолунда жети машинени кар көчкү басып калды

22 Үчтүн айы 202521:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-январда саат 19:40 чамасында Төө-Ашуу туннелинин алдында эки жолу кар көчкү түшүп, 6 жеңил унааны жана 1 «Спринтер» үлгүсүндөгү унааны басып калган. Алардын ичинен бир жеңил унаа толугу менен кар көчкүнүн астында калган.

ӨКМ толугу менен кардын алдында калган унаанын ичинен куткаруучулар төрт кишини алып чыгышканын маалымдады.

Алардын бирин —  эси ооп калган аялды ооруканага жөнөтүшкөн.

Учурда карды тазалоо иштери жүрүүдө.

Учурда “Арал”, “Сосновка” постторунда унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди.

Количество просмотров: 500