• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкек-Ош жолундагы авто кырсыкта унаасы менен кошо айдоочу дагы күйүп кетти

23 Аяк оона 2018 15:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.09.2018.Govori.TV.

Бишкек-Ош жолундагы авто кырсыкта унаасы менен кошо айдоочу дагы күйүп кетти. Бул тууралуу Turmush сайтына аймактык кабарчы билдирген.
Окуядан жабыркагандар жакынкы аймактык мед.пунктарга жеткирилгени маалым болду.
Бул жагымсыз кабарды Ош облусунун жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери дагы тастыкташты.

Авто кырсык 22-сентябрда, болжолдуу саат 22:25тер чамасында Бишкек-Ош жолунун, Өзгөн районуна караштуу Кароол кыштагында орун алган.
«Мерседес-Бенц» үлгүсүндө авто унааны Чоң-Алай районуна караштуу Кабык айылынын 1987-жылы туулган М.Ж аттуу тургуну башкарып бара жаткан. Арт жактан батыш тарапты көздөй багыт алган «Форд-Мондео» үлгүсүндөгү унаа чыга калып, канылышкан. Кырсыктан кийин «Форд-Мондео» үлгүсүндөгү унаа айдоочусу менен кошо күйүп кеткен. Учурда каза болгон айдоочунун өздүгү такталып жатат.
Кырсыктын чыгышына » Форд-Мондео» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ашыра ылдамлыкта айдаганы себеп болгону айтылууда.

Количество просмотров: 19