• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкек – Ош жолундагы кар көчкү тазаланып, жол ачылды

11 Үчтүн айы 2023 10:00 Бишкек Govori.TV

 Бишкек – Ош унаа жолундагы Көлбаев атындагы тоннелдин түштүк тарабында болжол менен 4 миң куб метр кар көчкү түшкөн.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, унаа жолу толугу менен жабылган.

“Жерине ыкчам топ, үч куткаруучу тартылган. Тазалоо иштерин жүргүзүүгө бир жүктөгүч, эки грейдер тартылып, түнкү саат 00:15те жол толугу менен тазаланып, эки тараптуу ачылды”, — деп айтылат маалыматта.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилгенин эскертет.

Количество просмотров: 147