Бишкек.06.06.2019.Govori.TV.
Борбор калаанын чок ортосунда жайгашкан Бишкек парк соода борборунун балдар ойноочу кабатын суу каптады. Бул видео социалдык түйүндөрдө кече күнү жарык көрдү.
Анда аталган соода борбордун кызматкерлери үстүнкү кабаттан оргуштап агып жаткан сууну калак менен чакаларга толтуруп, сыртка ташып жатканын көрүүгө болот.
Катталган окуя боюнча соода борбордун администрациясына байланышканыбызда бизге кошумча маалымат берүүдөн баш тартышты.