• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

МИК Караколдогу үйлөрдү эмне себептен суу каптаганын түшүндүрдү

20 Бугу 202612:09 Бишкек Govori.TV

Караколдо катуу жааган жамгырдан улам Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган көп кабаттуу үйлөрдү суу каптады.

Чатырдан шарактап аккан суу подъезддерди каптаган, батирлерге да суу кирген. Соцтармакка тараган видеолордо тургундар сууну чака менен ташып чыгарып жатышканын көрүүгө болот.

Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания окуя боюнча маалымат берип, суу каптоонун себептерин атады.

Компаниянын маалыматына ылайык, суу түтүктөр таштандыга толуп, бүтөлүп калган.

«Каракол шаарында катуу жааган жаан-чачындын кесепетинен Хан-Тенири турак жай комплексинин төрт бөлүгүндө суу каптаганы кабарланды. Алдын ала маалыматтар боюнча, негизги себептердин бири дренаждык түтүктөр жана арыктар тиричилик калдыктары менен бүтөлүп калган. Системаны тазалоо учурунда суунун кадимки агымына тоскоол болгон ар кандай тиричилик калдыктары аныкталган. Көп жааган жаан-чачын учурунда суу дренаждык система аркылуу өз убагында агып өтө албай, чатырда суу топтолуп калган. Басым күчөгөндүктөн суу чатырдан өтүп, айрым батирлердин ичине кирген. Ошондой эле жер төлөлөргө да суу толгон», — дейт МИК.

МИК бардык батирлерди калыбына келтирүү иштерин толугу менен өзүнө ала турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 231