• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат Бишкектеги суу каптаган жолдор тууралуу маселе көтөрдү

13 Бугу 202612:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы жолдор талапка жооп бербей турганын акыркы нөшөр жаан көрсөткөнүн Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу айтып чыкты.

«Бул кырдаалдан эл кыйналып жатат. Жаңы курулган жолдор сыноодон өткөн жок. Мунун баары жолдордун сапатсыз курулуп же оңдолгонунун кесепети. Долбоорлор сапатсыз болгону үчүн жарандарыбыз, автоунаалар аң-чөнөктөргө түшүп кетип жатат. Азыр да көптөгөн жолдор курулуп жатат. Ошондуктан жол курган компаниялардын ишине жана жолдордун сапатына көзөмөлдү күчөтүп, чара көрүү керек. Булардын жоопкерчилигин караш керек», — деди депутат.

Количество просмотров: 121