• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Лев Толстой көчөсүнүн жаңы оңдолгон бөлүгүн суу каптады. Мэрия маалымат берди

16 Аяк оона 202515:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн жаңы оңдолгон бөлүгүндө суу түтүгү жарылып, көчөнү суу каптады.

Бишкек мэриясы тараткан мааыматка ылайык, авария көчөнүн түштүк тарабындагы газондо болгон, жарылган түтүктүн диаметри 150 мм түзөт. Окуя болгон жерге “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын авариялык бригадасы дароо барып, ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүштү.

“Жолдун үстүнкү катмарына зыян келген эмес. Учурда суу түтүгүн калыбына келтирүү иштери улантылууда”, — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү кызматтар кырсыктын кесепеттерин толук жоюп бүткөнчө, айдоочуларды жана шаар тургундарын этият болууга чакырышат.

Количество просмотров: 178