Бишкек шаардык кеңеши борбордогу көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө салынган тыюуну узартты
Бишкек шаардык кеңеши борбордогу көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө салынган тыюуну узартты
19 Жалган куран 201812:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.03.2018.Govori.TV.
Бүгүн 19-мартта Бишкек шаардык кеңеши борбордогу көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө салынган тыюуну 5 жылга узартты.
Мындан беш жыл мурун шаар көчөлөрүнүн аталыштарын өзгөртүү боюнча кабыл алынган мараторийдин убактысы ушул жылдын апрель айында аягына чыгат. Депутаттар соңуна чыгып бараткан мараторийдин убактысын дагы беш жылга узартты. Бирок бул тыюу салуу Шабдан Баатыр жана Чүй кең көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн аталышын өзгөртүүгө жол берет.
Эске сала кетсек, Шабдан баатыр көчөсүн 7-апрель деп өзгөртүү, ал эми Чүй кең көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгүн Шабдан баатыр деп атоо сунушун шаардык кеңеш бүгүнкү жыйынында колдогон.