• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Таласта сууга агып кеткен өспүрүмдү издөө учурунда суучул каза болду

27 Кулжа 202612:44 Бишкек Govori.TV

Талас дарыясына агып кеткен өспүрүмдү издөө учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулу каза болду. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу билдирди.

Облус башчысы өз билдирүүсүндө жалпы мекендештерге жана Талас облусунун тургундарына кайрылуу жасаган.

«Урматтуу мекендештер жана Талас облусунун тургундары! Сиздерге кайрылам, Талас дарыясына чөгүп кеткен Байел инибиздин сөөгүн издөө учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир суучулун жоготуп алдык. Каза болгон суучулубуздун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Талас облусунда белгиленген бардык иш-чаралар белгисиз мөөнөткө жылдырылды», — деп жазды Эрмат Жумаев.

Эскерте кетсек, 4 күндөн бери Талас дарыясына агып кеткен Байел аттуу бала изделип жаткан.

Количество просмотров: 18