• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлдү

20 Аяк оона 2018 8:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.09.2018. Govori.TV
Бишкек шаардык кеңешинде жаңы көпчүлүк коалициясы түзүлдү. Бул тууралуу шаардык кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясын мүчөсү Канатбек Мүзүралиев билдирди.
“Жаңы түзүлгөн коалиция КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата Журт”, “Мекеним Кыргызстан”, фракцияларынан турат. Ал эми «Кыргызстан» фракциясы оппозицияда калды”, — деди Мүзүралиев.
Эске салсак, 19-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы тарап кеткен. Бул боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаты “Кыргызстан” партиясынын лидери Таалайбек Сагынов тастыктады.
Анын айтымында “КСДП”, “Өнүгүу –Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” көпчүлүк коалициядан чыгып кеткен. Ошондой эле ал жыйын күн тартибинде өтүп, төраганы шайлашаарын кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, бүгүн, Бишкек шаар кеңешинин депутаттары чогулат. Күн тартибинде төраганы шайлоо маселеси каралмакчы.
Количество просмотров: 15