Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде саламаттыкты сактоо министри кызматына Алымкадыр Бейшеналиевдин талапкерлиги каралды.
Жыйында депутат Чолпон Султанбекова Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылып, ага кеңеш берди.
«Алымкадыр мырза, сиз экинчи жолу министр болуп келе жатасыз. Кесипкөйсүз. Көп жакшы иштерди жасап жатасыз. Сизден сураныч, кичине токтороок болсоңуз, эл менен урушпай», — деди ал.