• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкек шаардык кеңешинин 20-сентябрындагы отурумунда спикер дайындалат

19 Аяк оона 2018 14:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.09.2018. Govori.TV
Бишкек шаардык кеңеши эртеңки 20-октябрда боло турган отурумунда Спикерди дайындоо маселесин карайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешиндеги  булактар билдирди.
“Кыргызстан» фракциясы өзүнүн талапкерин аныктап, спикерлик кызматка   Кубанычбек Конгантиевди көрсөттү,”-дейт фракция лидери Таалайбек Сагынов.
Эске салсак, бул кызмат орду бир айдан бери бош турган. Мурдагы спикер Алмаз Кененбаев,  Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары  болуп  дайындалгандан тарта, төраганын  милдетин аткаруу кызматы  убактылуу анын орун  басары  депутат Эмил Сыдыковго тапшырылган.
Количество просмотров: 11