Бишкекте шаардык соттун судьялары айыпталуучулардын жакындарынан пара талап кылган деп шектелүүдө.Бул тууралуу айрым ЖМКлар жазды.
Маалымат боюнча, бүгүн, 26-сентябрда УКМКнын кызматкерлери Бишкек шаардык сотунун эки судьясын, ошондой эле мамлекеттик айыптоочуну 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармашкан.
Такталбаган маалыматтарга караганда, судьялар Назгүл Ильязова менен Заурбек Жунусов камакка алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Жунусов учурда козголгон кылмыш ишинин күбөсү.