• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкек шаарына мэрдин шайланышы тууралуу журналист Канышай Мамыркулова президентке кайрылуу жасады

26 Теке 2018 9:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.07.2018.Govori.TV.
Бишкек шаарына жаӊы мэрдин шайланышы тууралуу маселе социалдык тармактарда, коомдо чоӊ талкууга айланууда. «Алиби» гезитинин мурдагы жетекчиси, журналист Канышай Мамыркулова бул маселе боюнча президентке кайрылуу жасады.
«Эки күндөн бери шаардык депутаттардын бул маселеге байланышкан аракеттерин фейсбук тармагында тамаша коштолгон пикирлер менен берип келгеним менен маселе олуттуу. Ошондуктан Сиздин өзүӊүзгө кайрылууга туура келди. Бизге жеткен маалыматтарга караганда сиз шаар башчылыгына талапкер болууга ниеттенген жарандардын бардыгына маселенин шаардык депутаттар менен чечилиши керектигин белгилеген экенсиз. Бирок, айрым саясатчылар шаардык кеӊештин мэрлигине талапкер Азиз Суракматовго байланыштуу сиз тараптан оӊ жооп болгондугун белгилеп «жеӊ ичинен» шаардык кеӊештин депутаттарына басым жасап жаткандыгы белгилүү»,- деп жазылат маалыматта.
Кайрылуунун толук текстин сунуштайбыз.
КАЙРЫЛУУ 
Урматтуу Сооронбай Шарипович, Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупция менен болгон күрөш бир гана укук коргоо органдарында эмес бардык тармактарда жүрүшү керектигин белгилеп “Бул күрөштөгү эң башкы күч – мамлекет башчынын саясий эрки! Мен кыргыз элимдин алдында коррупция менен болгон күрөш – президенттик ишмердигимдеги башкы багыттардан экендигин айтып, сөз бергенмин. Менде мындай саясий эрк бар жана мен бул күрөшкө даярмын» деген элеӊиз. Сиздин өлкөбүздүн, мамлекетибиздин кызыкчылыгын баарынан жогору койсок, элибиздин жашоо-шартын оӊдой алабыз, бакубат өлкөнү курабыз, демократиялуу жолдон тайбайбыз деген жаркын тилегиӊизге карапайым калк ишеним артууда.
Бирок, райондук сот тарабынан мурдагы бажы кызматынын башчысы Раим Матраимовдун кызмат ордунун калыбына келтирилишине байланыштуу укуктук жагдайлар жана башкалар бул тилектерге көлөкө түшүрө баштаганынан кабар берди. Албетте, «Раим миллион» аталган аты чуулгандуу бажычыга байланыштуу жагдайлар сиздин көз жаздымыӊызда калбайт деген ойдобуз. Менин сизге кайрылган маселем борбор калаанын тагдырына арналат.
Урматтуу Сооронбай Шарипович, социалдык тармактар коомдо чоӊ күч. Анда ЖМКлардын өкүлдөрүнөн баштап, карапайым калктын өкүлдөрүнө чейин катарлаш отуруп, коомчулуктун көӊүлүн өйүткөн маселелер талкууга алынат. Тактап айтканда, жарандык журналистиканын нугу өз жолу менен кетүүдө. Мына ушул социалдык тармактын колдонуучуларын Бишкек шаарына жаӊы мэрдин дайындалышы тууралуу маселе кайдыгер калтырган жери жок. Анткени, ар бирибизди борбор калаанын социалдык, экономикалык жана укуктук жагдайлары ар дайым тынчсыздандырып келет. Эки күндөн бери шаардык депутаттардын бул маселеге байланышкан аракеттерин фейсбук тармагында тамаша коштолгон пикирлер менен берип келгеним менен маселе олуттуу. Ошондуктан Сиздин өзүӊүзгө кайрылууга туура келди.
Бишкек шаары Сиз менен биздики, шаардыктардыкы, тактап айтканда, кыргызстандыктардыкы болуп эсептелет. Ошондуктан шаардын тагдырына, анын жетекчилигине кандай адам келиши керектиги тууралуу маселеге кайдыгер караганыбыз туура эмес. Буга чейин КСДП тарабынан кызматка келген Албек Ибраимовдун мисалы бизге чоӊ сабак болушу керек. Шаар башчылыгына коррупцияга малынбаган, чарбачыл, иштин көзүн таба билген адамдын келишине бардыгыбыз кызыкдарбыз. Тилекке каршы, бул маселе бир нече күндөн бери саясый оюнга айланып кетти. Бизге жеткен маалыматтарга караганда сиз шаар башчылыгына талапкер болууга ниеттенген жарандардын бардыгына маселенин шаардык депутаттар менен чечилиши керектигин белгилеген экенсиз. Бирок, айрым саясатчылар шаардык кеӊештин мэрлигине талапкер Азиз Суракматовго байланыштуу сиз тараптан оӊ жооп болгондугун белгилеп «жеӊ ичинен» шаардык кеӊештин депутаттарына басым жасап жаткандыгы белгилүү. Бирок, алардын бири Иса Өмүркулов «Говори ТВ» маалымат сайты аркылуу учурда четте экендигин, бул маселеге тиешеси жоктугун маалымдады. Ошол эле мезгилде анын шаар депутаттары менен жолугушканы тастыкталган маалымат. Ал эми такталбаган маалыматтарга караганда шаардык депутаттардын айрымдарына тиешелүү кылмыш ишин козготуу сыяктуу аракеттер менен дагы коркутуп, басым жасоолор болуп жаткандыгы айтылууда.
Ушул эле аралыкта Азиз Суракматов менен ЖКнын депутаты Азамат Арапбаевге таандык Ак үйдүн батыш тарабындагы мыйзамсыз курулуп жаткан имараттын курулушуна Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгону менен учурда курулуш уланып жаткандыгын «Фабула» гезити баш болгон бир катар ЖМКлар жазып чыгышты. Бирок, Өткүрбек Жамшитов башында турган Башкы прокуратура тармагы бул тууралуу ооз ачкан жери жок. Бул бир гана мисал. Ал эми кечээ социалдык түйүндөгү талкуулардан улам шаардык кеӊештин депутаттарынын чайлашуу аракеттери үзгүлтүккө учураганы менен алардын айрымдары ич ара жолугуп, кыскасы, бул маселе жеӊ ичинен бүткөрүлүүдө. Мына ушундай жол менен ансыз дагы элдин ишенимине суу сепкен КСДП партиясы кайрадан эски ыкма менен өз адамдарын алып келүүгө күч жумшоодо. Мунун өзү кылмыш иши козголгон Албек Ибраимовдун ордуна кайра эле жети баштуу ажыдаарды алып келүү аракети жүрүп жаткандай таасир калтырат. Жети баштуу ажыдаарга кимдер кире тургандыгын өздөрү жана карапайым калк жакшы билет. Буга кандай карайсыз же сизге бул аракеттердин бардыгы белгилүүбү? Ушундай артында таза эмес иштери бар адамды борбор калаанын башчылыгына, болгондо дагы Сиздин атыӊызды пайдалануу менен алып келүү аракетин көрүп жаткан топко кандай жооп бересиз? Эгерде Сиз макулдугуӊузду берген болсоӊуз элдин ишеничин жоготуп албайсызбы? Айтор, суроо көп.
Урматтуу Сооронбай Шарипович, менин бул маселеге «жармашып» алганымдын себеби, ЖМК өкүлү болуу менен катар шаардын тургунумун. Бир жагынан социалдык тармактардагы маалыматтарды жокко чыгаруу аракетин көргөндөргө кыргызстандыктардын жашоосу оюнчуктай болуп калгандыгы белгилүү. Ошондуктан Кыргызстандын президенти катары карапайым калктын алдында бул маселеге олуттуу көӊүл бөлүп, тиешелүү жыйынтык чыгарат деген ишенимдемин. Коомчулукту түйшөлдүргөн маселе боюнча ачык жооп берет деген ойдомун. Сизди тереӊ урматтоо менен журналист Канышай Мамыркулова…

«Жеке пикир» рубликасында жайгаштырылган маалыматтардын мазмуну боюнча редакция жооп бербейт

Количество просмотров: 32